Чет өлкөлүк студенттер жана белгилүү бүтүрүүчүлөр

Бүгүнкү күндө ММЭМИде 800дөн ашык студенттер, магистранттар, стажерлер, аспиранттар жана дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн угуучулар, анын ичинде Түштүк Кореядан, Жапониядан, Кытайдан, Түркиядан, Иорданиядан, Германиядан, Франциядан, АКШдан, Грециядан, Испаниядан, Португалиядан, Израилден ж.б. мамлекеттерден келип окуп жатышат. Мурда СССРдин курамына кирген мамлекеттердин жарандары чет өлкөлүк окуучулардын салыштырмалуу жаңы контингентин түзөт. Азыркы учурда алардын жалпы саны 300 адамдан ашты.

ММЭМИдин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында – Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Болгариянын, Казакстандын, Монголиянын, Словакиянын, Украинанын ж.б. өлкөлөрдүн президенттери, премьер-министрлери жана тышкы иштер министрлери бар.

--

Азербайжан клубу ММЭМИдин жетекчилигинин колдоосу менен Азербайжан студенттеринин демилгеси боюнча түзүлгөн. Биздин максаттарыбыздын ичинде – эң маанилүү окуялар жөнүндө студенттерге маалымат берүү, студенттерди бири-бири менен тааныштыруу, Азербайжан жөнүндө маалыматтарды берүү жана Азербайжан студенттерине көйгөйүн чечүүгө жардамдашуу милдеттери бар. ММЭМИди бүткөн белгилүү Азербайжандардын арасында – Азербайжандын президенти Элхам Алиев да бар. Азербайжанда ММЭМИдин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы иштейт.

Армян жамааты 2003-жылы ноябрда студенттердин тобунун демилгеси менен түзүлгөн, алар университеттин турмушунда Арменияны жана Армян маданиятын татыктуу тааныштырып келе жатышат. Бүгүнкү күндө Армян жамааты – тынымсыз өнүгүп жаткан улуттук клубдардын бири, алар Армян студенттеринин Москвадагы диалогу үчүн өзүнчө бир аянтча болуп саналат. Белгилүү бүтүрүүчүлөрдүн арасында Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян, тарыхчы Серго Микоян бар. Арменияда ММЭМИдин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы иштейт.

Беларусь жердештиги 2008-жылы апрель айында Георгий Плащинскийдин, Ольга Вороновичтин жана Олег Шакировдун демилгеси менен түзүлгөн. Биздин уюм 2-дүйнөлүк согуштун курмандыктарынын эстелигине арналган ММЭМИ кинофестивалын өткөрүүнүн демилгечиси болуу менен Артур Клиновдун фото көргөзмөсүн уюштуруп, “Testamentum Terrae” фольклордук тобун жана дудар Денис Суховду чакырган. Белгилүү бүтүрүүчүлөрдүн арасында тышкы иштер министри Сергей Мартынов, жогорку технологиялар паркынын администрациясынын директору Валерий Сепкало бар.

Болгар жердештиги 2008-жылы Валентина Божичкованын күч аракетинин аркасында пайда болгон. Дем алыш күндөрү көп учурда чогулабыз жана биргелешип пикниктерди уюштурабыз же ресторанда чогуу тамактанып, улуттук музыканы угуп, бийлөө үчүн болгар элчилигине барабыз. Биздин уландар менен кыздар – акылдуу, аракетчил жана жоопкерчиликтүү жаштар. ММЭМИ болгарлар үчүн – “жетекчи кадрлардын чыныгы бешиги”, анткени мурдагы президент Петр Младенов, премьер-министрлер Андрей Луканов жана Жан Виденов, тышкы иштер министрлери Любен Гоцев жана Бойко Дмитров аны бүтүрүшкөн. Болгарияда ММЭМИнин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы иштейт.

Вьетнам клубун 2005-жылы Нгуен Тьи Дык негиздеген, ал эми 2010-жылы Анна Габдиеванын жана Нгуен Вьет Линдин күч аракети менен Клуб кайрадан уюшулган. Биз Вьетнам маданиятынын күндөрүн, Вьетнам жаңы жылын, Вьетнам сувенирлеринин жарманкелерин жана фуршеттерди, ошондой эле Вьетнам тууралуу фото көргөзмөлөрдү уюштурабыз. Биздин күч-аракетибиздин аркасында адамдар Вьетнам жөнүндө көбүрөөк маалымат алышат, деп ишенебиз!

2009-жылы күзүндө ММЭМИ грек студенттери Грек жамаатын түзүүнү чечкен. Биздин башкы максат – маданияттардын байланышын өнүктүрүү, Грецияны ММЭМИде жана Россияда көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Магадан шаарында репрессиядан курман болгон гректерге эстелик монумент тургузууга каражат жыйноого биздин Жамааттын активдүү катышуусу бул биздин кошкон маанилүү салымыбыз болуп эсептелет. биз ошондой эле эл аралык ашкана күнү жана ММЭМИдеги минифутбол боюнча кызматташтык кубогу жердештердин кеңешинин иш чараларына жигердүү катышуубузду билдирет.

Грузин клубу 2004-жылы Иракли Мезурнишвили тарабынан негизделген. Бул жылдардын ичинде клубдун мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттагы бир нече ондогон иш чаралар (конференциялар, тегерек столдор, кайрымдуулук акциялары) өткөрүлгөн. Актуалдуулук биздин иш чаралардын башкы принциби. Биз ошондой эле кымбаттуу досторубузду грузин элинин тарыхы, маданияты жана салттары менен тааныштырууга умтулабыз. Грузиядан ММЭМИди бүтүргөндөрдүн арасында Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе жана X5 Retail Groupнин башкаруучу директору  Юрий Коболадзе, ошондой эле журналист Мелор Стуруа бар.

Корей клубу ММЭМИде 1991-жылы түзүлгөн. Клуб корей студенттеринин ММЭМИдеги окуусу жана коомдук турмушу менен байланышкан иштерди жүргүзөт. Биз дайыма мекендештерибиз жана сүйүктүү университетибиз үчүн бардыгын жасоого умтулабыз жана жердештердин кеңешинин иш чараларына үзгүлтүксүз катышабыз: бул Эл аралык ашкана күнү, улуттардын концерти, студенттик олимпиадалык оюндар.

Кытай жердештиги кытай студенттерине, ошондой эле россиялык кытай таануучуларга жардам катары 2006-жылы Лю Цзин Хэн тарабынан негизделген. Биз 2008-жылы Пекинде өткөн олимпиадалык жайкы оюндарга туш келтирилген чет өлкөлүк окуучулар арасындагы ММЭМИдин 1-олимпиадалык оюндарын уюштурууга активдүү катышканбыз. Кытайда ММЭМИди бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы иштейт.    

1999-жылы түзүлгөн Казакстандык студенттер клубу 100дөн ашык студентти бириктирген ММЭМИнин улуттук жамааты болуп эсептелет. Жазында жана күзүндө биз салттуу түрдө табияттын койнуна эс алуугачыгабыз, ал эми март айында Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Татарстандын балдары менен биргеликте Нооруз майрамын майрамдайбыз. Биз москвалык башка ЖОЖдордун казактары менен жакшы баарлашабыз, футбол, шахмат ойнойбуз жана улуттук казак күрөшүндө  мелдешебиз. Ушулардын баары бизди жакындаштырып, жашообузду толук кандуу кылат – биз кайрадан чоң үй-бүлөбүз. Биздин белгилүү бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында – тышкы иштер министри Касым-Жоомарт Токаев, Улуттук банктын төрагасы Григорий Марченко, саясатчы Гани Касымовдор бар.

Россия элдеринин Маданий клубу 2008-жылы түзүлгөн жана азыр Бурят, Калмык, Татар, Осетин, Чуваш жана Удмурт клубдарын өзүнө камтыйт. Клуб Эл аралык  тамак-аш күнү жанга улуттардын концерти сыяктуу Жердештик кеңешинин иш-чараларына  туруктуу негизде катышат, ошондой эле “көп улуттуу Россия” жыл сайын өтүүчү фестивалын уюштурат жана илимий, маданий багыттагы иш-чараларды өткөрөт.

Кыргыз клубу 2006-жылдын май айында студенттерди башын бириктирүү максатында ар кайсы өлкөдөн түзүлгөн. Биз жыл сайын Ноорузду майрамдоого катышабыз, ошондой эле ММЭМИ студенттерин кыргыз маданияты, каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен тааныштырабыз. Сентябрь айында клуб жаңы студенттерди кабыл алат, андан кийин аларга жатаканадан бөлмө берүүгө, шаарда жана университетте адашпай жүрүүгө жардам берет. Биз Жаш-Толкун, Ар-Намыс уюмдары жана Достук фонду менен туруктуу негизде кызматташабыз.

Латвия жердештиги 2008-жылдын 7-ноябрында өткөн Европа жердештиги саммитинин жүрүшүндө түзүлгөн. Биз Жердештик кеңешинин иш-чараларына дайыма катышабыз, ошондой эле өзүбүздүн иш-чараларыбызды, атап айтсак, Латвиянын Көз карандысыздык күнүн өткөрөбүз. Биздин балдар өзүнүн командасы менен баскетболду мыкты ойношот! Биздин ММЭМИни бүткөн мекендештерибиздин арасында  - “Латвияс Газе” акционерлер коомунун Кеңешинин мүчөсү Игорь Назаров жана мурунку маалымат министри, Россия-Латвия өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы Петерс Кришьянис  бар.

Франциянын Достор клубу 2008-жылдын жаз айларында Мишел Бессон, Мишел Форже жана Георгий Халиуллиндер тарабынан негизделген. Биз ММЭМИде окуп же такшалмадан өтүп жаткан бардык француздарды бириктирүүгө жана Москвадагы А.Дюма атындагы француз лицейи менен кызматташууга  аракет кылуудабыз. Францияда ММЭМИнин бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы иштейт.

Советтер союзу кулагандан кийин 20 жыл өткөн соң немис студенттери ММЭМИде немис уюмун түзүүнү чечишкен. Биздин уюм мекендештерди эле эмес, Германиянын маданиятына, тилине, тарыхына жана саясатына кызыккан бардык адамдарды бириктирет. Андан тышкары, ММЭМИ бүтүрүүчүлөрүнүн эң ири  чет элдик ассоциациясы да немистердики. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн арасында  - көрүнүктүү дипломаттар жана Москвадагы Россия-немис тышкы соода башкармалыгынын  төрагасы Михаэл Хармс өңдүү ишкер адамдар да бар.

Польша клубу өз ишин 2008-жылы баштаган. Аталган клуб ишмердик жүргүзгөн учурунда тегерек столдорду өткөрүп, фильмдерди көргөзүп, белгилүү адамдар менен жолугуушларды уюштурган, ошондой эле Европа жердештеринин саммитине, “Смоленск – Гродно – Минск – Белосток” конференциясынын ишинеКатын трагедиясына арналган , мемориалдык иш-чараларга катышкан. Польшада  ММЭМИ бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы иштейт, ал эми Польша тышкы иштер министрлигинде ММЭМИни бүткөн 300дөн 400гө чейинки  адам кызмат кылат. Алардын арасында – Петр Свиталски (2005-жылдан баштап Польша жана Европа Кеңешинин туруктуу төрагасы), Роман Ковальски жана Зэнон Кухчяк бар.

Сербия жердештиги  Душице Джурич тарабынан 2008-жылы негизделген. Биз Университетте өткөрүлгөн спорттук жана маданий иш-чаралардын катышабыз жана аларга биздин сүйүктүү Сербияга сүйүүсүн арнаганды үйрөтүүгө аракеткылуудабыз. Биз ошондой эле Россиядагы Сербия Элчилиги менен жигердүү кызматташабыз.

Словакия клубу 2007-2008-ж.ж. активдүүү иштей баштаган. Биздин досторубуз жана тааныштарыбыз Словакияга жайкы жана кышкы каникулдарда  келишет, ал эми биз аларга саякат уюштуруп беребиз. ММЭМИнин коомдук иштерине да биз түздөн-түз катышууга аракет кылабыз. ММЭМИнин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы Словакияда  жана Чехияда (“Прага” клубу) бар. ММЭМИни бүтүрүүчүлөрдүн эң белгилүүлөрүнүн бири болуп Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак жана Ян Кубиш эсептелет.

Афган студенттеринин союзу 2009-жылы Сохраб Гайрат жана Фарида Хогиани тарабынан түзүлгөн, анын максаты биздин өлкөнү жана маданиятты көпчүлүк элге жеткирүү эле. Биз тез-тез пикир алышып, концерттерди уюштуруп, тегерек столдорго катышып турабыз, ошондой эле спорт менен машыгып, өлкөбүздү Жердештик кеңешинин жалпы чогулушунда таанытууга аракеттерди кылабыз.

Израилдик студенттер союзу (Еврейлер клубу) 2008-жылдын 14-апрелинде Давид Пелег тарабынан негизделген. Еврей клубу 2009-2010-жылдар аралыгында эң активдүү улуттук коомчулук болуп эсептелген. Клубдагы жолугушуунун коноктору  Израильмамлекетинин РФдагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Анна Азари жана Дорит Голендер, Россиянын башкы раввини Берл Лазар, РФ Жакынкы Чыгыш институтунун президенти Евгений Сатановский болушкан. Биз жыл сайын Ханука, Пурим, Песах жана башка еврей майрамдарын 11 ден ашык өлкөнүн ондогон студенттерин бириктирүү менен майрамдайбыз.

Молдава студенттеринин союзу Молдова жана Россия Республикаларынын Элчилиги менен тыгыз кызматташтыкта. Биз ММЭМИде жыл сайын КМШ жумалыгын өткөрүүнүн демилгечиси болуп эсептелебиз жанамолдова маданиятынын күндөрүн жана актуалдуу саясий темалар боюнча дебаттарды өткөрөбүз. Бүгүнкү күндө ММЭМИ молдовалык бүтүрүүчүлөрүнүн эң белгилүүлөрүнүн бири катары  Молдованын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри кызматтарын ээлеген Ю.Лянкени атасак болот.

Монгол студенттеринин союзунун тарыхы тереңде, анткени монгол студенттери ММЭМИнин биринчи чет элдик студенттери болгон жана 1946-жылдан бери  ММЭМИге  сапаттуу билим алуу үчүн келишүүдө. Биздин жердештик өзүнүн мекендештерине көмөк көрсөтүүгө, монгол жана россиялык студенттердин ортосундагы достуктужана кызматташтыкты жакшыртууга аракет кылууда. Монгол студенттери баскетбол жана футбол оюндарында дайыма бирге ойношот. Монголияда ММЭМИ бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы иш алып барууда, алардын арасындагы ММЭМИни бүткөн белгилүүлөрү – Монголиянын премьер-министри Сухбаатар Батболд, билим берүү министри Ендон Отгонбаяр жана энергетика министри Д.Зоригт.

Тажик жердештиги Тажикстандын бардык бурчунан тажиктерди чогултуп, биздин Университетте уюшулган бардык иш-чараларга катышууга дайыма аракет кылып келүүдө. Биздин студенттердин күчтүү спорттук  командасы бар – ал  ММЭМИнин  2-студенттик  Олимпиадасынын жыйынтыктары боюнча үч мыкты команданын катарына кирет.

Түрк коомчулугу Мелис Мурат тарабынан түзүлүп, 2010-жылдын 20-декабрында РФдагы Түркия Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Айдын Аднан Сэзгиндин  катышуусунда  ачылган. Анын негизги максаты – Россия-түрк кызматташтыгын, анын ичинде студенттер арасындагы кызматташтыкты жөнгө салуу. Коомчулуктун активисттери Түркиянын пермьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын ММЭМИ-Университетине болгон иш сапарында делегацияны тейлөөгө жардам берген. Биз өзүбүздүн Түрк республикабызды татыктуу таанытканга аракет кылабыз.

Өзбек клубу Мардон Анваров тарабынан 2006-жылы негизделген, анын ишмердиги Өзбекстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы  байланышты чыңдоо жана достук мамилени  өнүктүрүүгө багытталган. Жердештик кеңеши клубунун колдоосу менен илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурат. ММЭМИнин белгилүү өзбек бүтүрүүчүлөрү болуп россиялык миллиардер Алишер Усманов, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Улугбек Хасанов эсептелет.

Украин жердештиги 2008-жылдын май айында Станислав Грошов, Станислав Шикалов жана Эльдар Надирашвилинин демилгеси боюнча түзүлгөн. Биздин жердештикке ураиндер жана түбү украин болгон адамдар жана украин тилине , бай маданиятына кызыккан адамдар кире алат. Биз жердештик кеңешине киргенибизге сыймыктанабыз жана өлкөбүздү жакшы жагынан тааныта алабыз. Биздин белгилүү бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында – Украинанын тышкы иштер министри Константин Грищенко бар.

Хорват клубу 2010-жылы Марко Пухаричтин демилгеси менен негизделген, ал эми анын 2010-жылдын 28-апрелиндеги Иван Жак төрагалык кылган расмий ачылышында Хорватиянын Россиядагы элчиси Небойш Кохарович катышкан. Биз университетте же кафеде жумасына бир жолу жолугууга аракет кылабыз, мындай жолугушууларда өлкөбүздөгү саясатты. Экономиканы, акыркы жаңылыктарды талкуулайбыз. Биз Россия-хорватиялык мамилелердин өнүгүүсү үчүн көп нерселерди жасоодобуз, анткени ар бир адам дүйнөдөгү өз өлкөсүнүн элчиси болуп эсептелет!

Чех клубу  2008-жылы Эвы Прокопованын жана Шарки Пржибылованын аракети менен түзүлгөн. Союз учурунда ММЭМИде өлкөбүздүн ондогон өкүлдөрү окуса да азыр биз көп эмеспиз. Жердештик институтта чет элдик студенттердин кызыкчылыктарын  көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Чехтер үчүн  Москвадагы бейиш бурчу – Чехиянын Элчилигине караштуу Чех үйү, ал жерде каалаган адам эс ала алат. Биздин белгилүү бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында кеңейтүү саясаты жана коңшулук европа саясаты боюнча ЕС комиссары Штефан фюле жана тышкы иштер министри Ян Когоут эсептелет. Чехияда ММЭМИнин бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы бар (“Прага” клубу).

Эстон клубунун салтанаттуу ачылышы 2010-жылдын 16-ноябрында Россия Федерациясындагы Эстон Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Симму Тийканын катышуусунда өттү. Эстон клубу эстон кинофильмдеринин көрсөтүп, белгилүү адамдар менен жолугушууларды уюштурат, ошондой эле эстон маданиятын жана экономикасын үгүттөйт.

Баренцево Евро-Арктикалык Коомчулугу 2010-жылдын аягында Баренцево аймагынан чыккан студенттерди бириктирүүнү чечкен Мария Шапореванын аракети менен  түзүлгөн. Клубга  Россиянын түндүк аймактарынын тарыхына, маданиятына жана саясатына кызыккан адамдар, ошондой эле Финляндия, Норвегия, Швеция жана башка түндүк өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кирет.