ММЭМИнин эл аралык байланыштары

Эки же көп тараптуу байланыштардын, илимий жана билим берүү долбоорлорунун  өнүгүшү ММЭМИнин эл аралык саясатында негизги баалуулук катары эсептелет. Бүгүнкү күндө ММЭМИ университеттер, дипломатиялык академиялар, институттар, мектептер, 57 өлкөнүн илимий жана изилдөө борборлору менен чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун ар кыл формаларындагы 160 макулдашууну ишке ашырып келет. Университет жогорку билимдин аккредитациясы жана аттестация системасын, Болон процеесин интеграциялоодо маанилүү эсептелген эки кырлуу (алгач бакалавлдык жана магистрлык) билим берүүнүн өнүгүшүнө умтулат.

Биздин  өнөктөштөр болуп илимий жана билим берүү борборлору: Экономика жана саясий илимдин Лондон мектеби, Саррея университети, Саясий илимдин Париж институту, Коммерция жана европалык бизнестин мектеби, Роберт Шуман университети, Сорбонн Университети, Беркли, Стенфорд, Браун Нью-Йорк университеттери, Берлиндин Эркин университети, Гумбольд  мамлекеттик университети, Тюбинген университети, Эрфурт университети, Дрезден университети, Уппсал университети, Берген университети, Ром, Генуя, Триест, Мадрид, Роттердам, Брюссель, Токио, Щицуоки, Пекин, Шанхай, Тегеран, Дамаск, Сеул, Тель-Авив, Претория, Стамбул, Каир, Мехико жана дүйнөнүн башка шаарларынын университеттери эсептелет.

ММЭМИ – Университети алдыңкы эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат:

-Саясий иликтөөлөрдүн Европалык консорциуму (ECRP);

- Эл аралык мамилелердин профессионалдык мектеби Ассоциациасы (APSIA);

-Эл аралык изилдөө Ассоциациасы (ISA);

- Университеттердин Европалык консорциуму ( ECU);

- Латын Америкасын жана Кариб өлкөлөрүн изилдөөнүн эл аралык федерациясы ( FIFALC)

- Билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү Кеңеши (CASE).

Европа Кеңешинин чечими менен ММЭМИге  Европа кеңешинин жана россиялык билим берүүнүн илимий  мекемелерин документтер менен камсыздоо башкы милдетине кирген Европа Кеңешинин документация борбору түзүлүп ийгиликтүүиштеп жатат.

Эла аралык мамилерди өнүктүрүүдө чет өлкөлүк өнөктөштөр менен билим берүүнүн эл аралык программаларын алмашуу ММЭМИнин стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.  

Гумбольд, Тюбинген, Эрфурт университеттери, Берлин эркин университети, “Комплютенс” Мадрид университети, Мадрид эл аралык изилдөө коому, Триест университети, Флоренция университети, Мессин университети, Берген университети (Норвегия), Сырткы саясат жана соода университети (Кытай), Цинхуа улуттук университети (Тайвань), Иордания дипломатия институ, Монтеррей технологиялык институ (Мексика), Дэвидсон-колледжи (АКШ) Тампере университети (финляндия), Саясий илимдердин Париж институ, Коммерциянын жогорку мектеби жана Роберт  Шуман университети (Франция), Эл аралык христиан университети, Сидзуока университети (Япония), Варшава жана Гдань университеттери (Польша), Вильнюс университети (Литва), Ханкук жана Хёнги университеттери (Корея), Дамаск университети (Сирия), Претория университети жана башкалар менен билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу келишимдери жүзөгө ашырылат.

Студенттик алмашуу программасы эл аралык мамилелер менен дүйнөлүк саясат, дипломатия, саясаттык илим, экономика, укук жана чет тилдер тармагында кесиптик жөндөмдүүлүктөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өбөлгө түзөт. Студенттик алмашуу боюнча статистика жогоруда айтылган багыттардын активдүү масштабдуулугун көрсөткөн: акыркы 2 жыл ичинде, ММЭМИнин 500дөн ашык студенти 30дан ашык мамлекеттердин шериктеш университеттеринде алмашуу программасына катышкан.